Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 53

Спорт зал жөнүндө

Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имарат, күрөш залына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Семетей айылдык кеңешинин төрагасы Т.Джапаркуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имарат, күрөш залын оңдоп-түзөп, душту калыбына келтирүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов