Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 61

 

Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Манас районунун мамлекеттик администрациясынын акими Д.А.Жээнбековго Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы К.Р.Рыскуловдун сунушун айылдык кеңеш карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Ардак грамотасынын ээси, Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлигинин отличниги, Мамлекеттик кызматтын мыктысы Жээнбеков Досмамбет Аматовичтин үзүрлүү көп жылдык эмгегин жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн  Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин. 

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов