Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу  №  11/71

"Нарын облусунун Кочкор районунун  Сары-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө"

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык,  Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 30-июлундагы №7 токтомунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо”  мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станция филиалы даярдаган  Сары-Булак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын карап чыгып, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

1.                        Кочкор  районун Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Төлөк”, “Ак-Кыя”жана “Сары-Булак” айылдарынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча иш кагаздарын жана актысын карап чыгып, даярдалган материалдары бекитилсин.

2. Сары-Булак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча материалдарын бекитип, киргизип берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2023-жылдын кулжа айынын 20 дагы №161б буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиядан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге  милдеттендирилсин.

Төрага

А. Дүйшөнбек уулу