Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу  №  11/75

Балык чарба уюштурууга жер аянтын (которууга)   трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтому менен бекитилген жобого, “Жер участокту которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балык чарба уюштуруу үчүн Карагы-Жур чоӊ суусунун Түндүк жагынан , Сары-Булак айылынын тургуну  Бакиров Тынардын жеке менчик  учаскасынан – жалпысы 0,30 га жер аянтын жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

    2 .Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жер комисиясына сунуштоо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Асанбаевге милдеттендирилсин.

   3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жер, жайыт, муниципалдык менчик, архетектура, курулуш, транспорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

Дүйшөнбек уулу А.