Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу  №  11/79

 

Бучук, Көк-Тай участкасындагы БСРлерди өткөрүп берүүгө

макулдук берүү  жөнүндө

                                                                                 

              Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Төлөк айылындагы Бучук,

Көк-Тай участкасындагы БСРлерди учурдун талабына ылайык Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өтүүсүнө макулдук берүү максатында Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

           1. Сары-Булак айыл аймагына караштуу Төлөк айылындагы Бучук, Көк-Тай участкасындагы БСРлерин Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өтүүсүнө макулдук берилсин.

           2.  Бул токтомдун негизинде комиссия түзүү жана түзүлгөн комиссия курамы менен биргеликте Бучук, Көк-Тай БСРлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жагы

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, жайыт, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

Дүйшөнбек уулу А.