Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги  XXIX- сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлунун  №39

 

“Өрнөк айылына курулуп жаткан көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө”

 

Өрнөк айылына курулуп жаткан көпүрөгө ат коюп берүү жөнүндө Өрнөк айылынын элинин кайрылуу катына ылайык карап жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы

                                   

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.Өрнөк айылына курула турган көпүрөгө Молдали Койсон ысымы ыйгарылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат

 

3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин

төрагасы :

 

У. Токтожумаев