Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги  XXIX- сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлунун  №37

 

““Райондун ардактуу атуулуна” сунуштоо жөнүндө”

 

Казарман айылынын тургуну Абдылдаева Дурия Сансызбаевнаны «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү боюнча райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгердик тажрыйба борборунун 2024-жылдын 15-апрелиндеги №01 сунушун карап жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы

                             

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.Казарман айылынын тургуну, Тогуз-Торо райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик борборунун директору Абдылдаева Дурия Сансызбаевнага калктын саламатттыгын сактоодо кошкон зор салымы үчүн   2024-жылдын жыйынтыгы менен «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.

 

2.Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы сыйлыктарды кароо комиссиясына сунушталсын.

 

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.

 

4.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин

төрагасы :

 

У. Токтожумаев