Редакцияот 15.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлундагы №36/2

                            

Кара-Суу айыл аймагынын Орток жана Кара-Мойнок  айылдарындагы жаңы конуштагы көчөлөргө ат коюу боюнча элдик жыйындын протоколдорун бекитүү жөнүндө

 

          "Кыргыз Республикасынын  географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын  7-беренесинин жана  КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4 абзацыны негизинде Орток жана Кара-Мойнок айылдарынын жалпы элдик чогулуштарынын протоколдору менен таанышып жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык  Кеңеши   токтом кылат:                                                    

 

1.     Орток айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Орток айылынын “Боз”

участогундагы аты жок көчөсүнө Тиленбаев Токтобектин аты ыйгарылсын.

 

2.     Кара-Мойнок айылынын “Карыпбай” участогундагы аты жок көчөсүнө

Жангабылов Камазбектин аты ыйгарылсын.

 

3.     Каттоодон өткөрүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан

суралсын, токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

  Төрага:

К. Сапарбек уулу