Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги  XXIX- сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлунун  №43

 

““Ленин айылындагы “Жанылмырза балдар бакчасына кошумча 4 тайпа ачууда жабдууларды сатып алуу” долбоорун жалпы элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө”

 

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХIХ сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Ленин айылындагы “Жанылмырза балдар бакчасына кошумча 4 тайпа ачууда жабдууларды сатып алуу” долбоорун боюнча каралган жалпы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.

 

3.Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин

төрагасы :

 

У. Токтожумаев