Редакцияот 15.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлундагы №36/3

                            

Кара-Суу айыл  аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы, Кызыл-Дөбө  орто мектебине суу менен жылытуучу системасын орнотууну дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү жөнүндө

 

 

Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы, Кызыл-Дөбө  орто мектебине суу менен жылытуучу системасын орнотууну  дем берүүчү гранттын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сомго иштерди аткаруу боюнча демилгелүү топтун лидери Осмонов Айбектин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык  Кеңеши   токтом кылат:

 

1. Өздүк салым үчүн 15% 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом айыл өкмөтүнүн

бюджетинен акчалай түрүндө Кызыл-Дөбө орто мектебине суу менен жылытуучу системасын орнотуу  долбооруна 2025-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү жагы Кара-Суу

айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

         3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин

бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

  Төрага:

К. Сапарбек уулу