Редакцияот 15.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлундагы №36/4

                            

Кара-Суу айыл  аймагынын Мантыш айылында кичи футбол аянтчасын курууну дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү жөнүндө

 

 

Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылында кичи футбол аянтчасын курууну дем берүүчү гранттын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сомго иштерди аткаруу боюнча демилгелүү топтун лидери Расахан уулу Азаттын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык  Кеңеши  токтом кылат:

 

1. Өздүк салым үчүн 15% 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом айыл өкмөтүнүн

бюджетинен акчалай түрүндө Мантыш айылында кичи футбол аянтчасын куруу долбооруна 2025-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

        2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

       3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин

бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

  Төрага:

К. Сапарбек уулу