Редакцияот 15.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлундагы №36/5

                            

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңшинин 8-апрель 2022-жылдагы №15/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңшинин 8-апрель 2022-жылдагы №15/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча   талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын   айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

         1.Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы оорукананын аянтынан жеке менчик аптека  куруу үчүн 40 м2 жер  аянты, 49 (кырк тогуз) жыл мөөнөткө ижарага Кызыл-Дөбө айылынын тургуну Б.Медербековага бөлүнүп берилсин.

 

      2.Мыйзамга ылайык жер аянтын тактап, келишим түзүү, тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

 

  Төрага:

К. Сапарбек уулу