Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 37-сессиясы

 

2024-жылдын 1-августу №37/2

                            

"Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө"

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык,  Кара-Суу айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын  29-июлундагы №160 буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо”  мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станция филиалы даярдаган Кара-Суу айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын карап чыгып, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кочкор районун Кара-Суу айыл аймагына караштуу жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча иш кагаздарын жана актысын карап чыгып, даярдалган материалдары  бекитилсин.

 

2.  Кара-Суу айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча материалдарын, райондук администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2023-жылдын 31-июлундагы №292б буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиядан суралсын.

 

3.  Токтомду көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

  Төрага:

К. Сапарбек уулу