Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын  кезектеги  VI-сессиясынын

 

2024-жылынын 29-августунун  №45

 

“Атай айыл аймагынын Кызыл- Октябрь участкасына электр чубалгаларын тартуу үчүн өздүк салым каратуу жөнүндө”

 

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагынын Кызыл-Октябрь участкасына электр чубалгаларын тартуу үчүн өздүк салым каратуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Атай айыл аймагынын Кызыл-Октябрь участкасына электр чубалгаларын тартуу үчүн долбоор жазып, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапышырылсын.
  2. Кызыл-Октябрь участкасына электр чубалгаларын тартуу үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүп берүү ФЭБ башчысы З.Ташматовко тапшырылсын.
  3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
  4. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
  5. Токтомду аткаруу Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын

 

 

 

Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы :

 

Н.Т. Жээнбаев