Редакцияот 12.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIII кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 12-августу № 172/33-28

 

Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн «Орловка шаарынын турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 66-беренесинин негизинде Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орловка шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарбанын бардык функциялары «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

2. Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.

3. Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага мэриянын турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча бардык материалдык ресурстарды «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүү боюнча иш-чара өткөрүү тапшырылсын ( мындан ары турак-жай коммуналдык чарба).

4. Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага 2 жумалык мөөнөттө Орловка шаарынын мэринин бекитүүсүнө «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын штаттык тизмесин жана түзүмүн даярдоо тапшырылсын.

5. «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.

6. «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы 2024-жылга бекитилген бюджетке ылайык иш алып барсын.

7. «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын иши 2024-жылдын 1-сентябрына белгиленсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жана «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директоруна жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

М.И.Токтакунов