РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 529-т (2020-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну алдын алуу программасынын 7-фазасы (CADAP - 7) боюнча финансылык макулдашууга № 1 толуктоонун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 5-сентябры № 529-т

1. 2020-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну алдын алуу программасынын 7-фазасы (CADAP - 7) боюнча финансылык макулдашууга № 1 толуктоонун расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине жогоруда аталган Толуктоого принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров