Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна)

 

Академиялык кредиттерди колдонуу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана академиялык кредиттерди колдонуу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында (мындан ары - билим берүү уюмдары) окуу процессин уюштуруу тартибин аныктайт.

2. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:

- академиялык календарь - эс алуу күндөрүн (каникулдарды, майрамдарды) көрсөтүү менен окуу жылы ичинде окуу жана контролдоо иш-чараларын өткөрүү, жумуш ордунда окутуу календары;

- академиялык саат - окуу сабактарынын же окуу иштеринин башка түрлөрүнүн көлөмүн өлчөө бирдиги;

- академиялык консультант - тиешелүү билим берүү программасы боюнча билим алуучунун академиялык насаатчысынын милдетин аткаруучу, окуу траекториясын тандоодо (билим алуучунун жекече планын түзүүдө) жана окуу мезгилинде билим берүү программасын өздөштүрүүдө көмөк көрсөтүүчү окутуучу;

- билим алуучунун жекече планы - билим берүү программасынын жана дисциплиналардын каталогунун негизинде ар бир семестрге/окуу жылына билим алуучулар тарабынан өз алдынча түзүлүүчү окуу планы;

- окуу дисциплинасына каттоо - билим алуучуларды окуу дисциплиналарына каттоо жол-жобосу;

- окутуунун кредиттик технологиясы (мындан ары - ОКТ) - академиялык кредиттерди топтоо менен дисциплиналарды окуунун ырааттуулугун билим алуучулардын тандоосунун жана өз алдынча пландаштыруусунун негизинде окутуу;

- транскрипт - академиялык кредиттерди жана бааларды көрсөтүү менен окутуунун тиешелүү мезгилинде өздөштүрүлгөн дисциплиналардын жана (же) модулдардын жана окуу иштеринин башка түрлөрүнүн тизмесин камтыган документ;

- элективдик дисциплиналар - белгиленген академиялык кредиттердин алкагындагы тандоо боюнча компонентке кирген жана билим берүү уюмдары тарабынан киргизилүүчү, билим алуучунун жеке даярдыгын чагылдырган, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн өзгөчөлүгүн жана конкреттүү региондун керектөөлөрүн эске алган окуу дисциплиналары.

3. ОКТ боюнча окуу процессин уюштуруунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- билимдин көлөмүн унификациялоо;

- окутууну максималдуу жекелештирүү үчүн шарттарды түзүү;

- билим алуучулардын ролун жана өз алдынча ишинин натыйжалуулугун күчөтүү;

- билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин аларды контролдоонун натыйжалуу жана ачык-айкын жол-жоболорунун негизинде аныктоо.

4. ОКТ төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ар бир дисциплина жана окуу ишинин башка түрлөрү боюнча билим алуучулардын жана окутуучулардын эмгек чыгымдарын баалоо үчүн академиялык кредиттер системасын киргизүүнү;

- билим алуучулардын билим алуучунун жекече планын түзүүгө түздөн-түз катышуусун камсыз кылуучу дисциплиналарды тандоо эркиндигин;

- дисциплиналарга катталууда билим алуучулардын окутуучуну тандоо эркиндигин;

- билим берүү траекториясын тандоодо билим алуучуларга көмөк көрсөтүүчү академиялык консультанттарды окуу процессине тартууну;

- окутуунун интерактивдүү методдорун колдонууну;

- билим берүү программасын өздөштүрүүдө билим алуучулардын өз алдынча иштерин активдештирүүнү;

- окуу процессин уюштурууда, билим берүү программаларын түзүүдө түзүмдүк бөлүмдөрдүн академиялык эркиндигин;

- окуу процессин уюштурууда окутуучунун академиялык эркиндигин;

- окуу процессин зарыл окуу жана методикалык материалдар менен камсыз кылууну;

- билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин контролдоонун натыйжалуу ыкмаларын;

- ар бир окуу дисциплинасы жана окуу ишинин башка түрлөрү боюнча билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун баллдык-рейтингдик системасын колдонууну.

5. ОКТ окутуунун натыйжаларына жетишүүгө багытталган окутуунун жекече билим берүү траекториясын билим алуучулар тарабынан тандоонун жана өз алдынча пландаштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат.

2-глава. Билим берүү процессин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу

6. Кредиттик технологияны колдонуу менен окуу процессин уюштуруу билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте бекитилген окуу пландары боюнча жүргүзүлөт.

7. ОКТны колдонуу менен окуу процессин уюштуруу төмөнкү окуу пландарынын негизинде жүзөгө ашырылат:

- даярдоо багыты же адистик боюнча окутуунун базалык окуу планы окутуунун бүткүл мезгилинде билим алуучулардын окуу ишинин сыйымдуулугун аныктоо үчүн кызмат кылат, милдеттүү компонентти камтыйт жана милдеттүү дисциплиналарды жана билим алуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарды окууга бөлүнгөн кредиттердин санын жөнгө салат жана жумуш ордунда окутуунун мөөнөттөрүн жана түрлөрүн белгилейт;

- жумушчу окуу планы белгилүү бир даярдоо профили үчүн иштелип чыгат жана окуу процессин уюштуруу үчүн кызмат кылат (анын ичинде окутуучулардын окутуу ишинин сыйымдуулугун эсептөө үчүн);

- билим алуучунун жекече планы анын семестрге же окуу жылына карата билим берүү программасын аныктайт жана семестрге сунушталган окуу дисциплиналарынын негизинде түзүлөт.

8. Окутууну жекече пландаштыруу милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтыган окуу-методикалык комплекстер менен бекемделиши керек:

- окуу планынын ар бир дисциплинасы боюнча жумушчу программаны жана/же силлабусту;

- курстун тематикалык планын, лекциялардын тезистерин, практикалык (семинардык) сабактардын пландарын, билим алуучулардын өз алдынча иш пландарын, билим алуучулардын өз алдынча иштери үчүн тапшырмаларды, экзамендик суроолорду камтыган ар бир дисциплина боюнча окуу-методикалык материалдардын топтомун.

9. Милдеттүүлүк даражасы жана билим берүүнүн мазмунун өздөштүрүүнүн ырааттуулугу боюнча даярдоо багыты/адистик боюнча окутуунун базалык планы бардык циклдер боюнча дисциплиналардын үч тобун камтыйт:

"А" - милдеттүү түрдө жана убактысы боюнча так ырааттуу окутула турган дисциплиналар тобу;

"Б" - милдеттүү түрдө, бирок ырааттуу эмес окутула турган дисциплиналар тобу;

"В" - билим алуучу өз тандоосу боюнча окуй турган дисциплиналар.

"Б" жана "В" топторунун дисциплиналары билим алуучулардын өздөрүнүн жеке окуу траекториясын калыптандыруу үчүн өбөлгөлөрдү түзөт.

"А" дисциплиналар тобу билим алуучунун жана окуу тобунун окуу жылын аныктоо үчүн негиз болуп саналат. "Б" жана "В" топторундагы дисциплиналарды окутууда билим алуучулардын окуу агымдары (окуу топтору) окутуунун ар башка жылдарындагы билим алуучулардан түзүлүшү мүмкүн.

10. Дисциплинаны ачуу үчүн зарыл болгон билим алуучулардын минималдуу саны, ошондой эле мүмкүн болгон орундардын максималдуу саны билим берүү уюму тарабынан өзүнүн экономикалык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өз алдынча аныкталат.

11. Окуу пландарындагы окуу иштеринин бардык түрлөрүнүн сыйымдуулугу академиялык кредиттер менен белгиленет. 1 кредит 30 академиялык саатка барабар болуп кабыл алынат. Окутуунун кредиттик системасы боюнча академиялык сааттын узактыгы билим берүү уюму тарабынан 40-50 мүнөт чегинде белгиленет.

12. Академиялык кредиттердин саны "Дене тарбия" дисциплинасынан тышкары окуу планына кирген ар бир дисциплина боюнча аныкталат.

13. Окуу жылында окутуу 36 жумага чейин түзөт. Окуу семестри 16-18 жумадан турат.

14. Билим алуучунун жекече планындагы академиялык кредиттердин саны жылына 60 кредитти түзөт. Академиялык кредиттердин саны бир семестрде 15тен кем эмес жана 45тен көп эмес белгиленет. Мында окуу үчүн төлөмдүн өлчөмү окутулуучу академиялык кредиттердин санына пропорционалдуу эсептелет.

Гранттык негизде, ошондой эле контракттык да, гранттык да негизде окутуунун медициналык жана фармацевттик жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча билим алгандар үчүн билим алуучунун жекече планында академиялык кредиттердин саны жылына 60тан аз белгилениши мүмкүн эмес.

15. Билим алуучуну окутуунун ченемдик мөөнөттөн ашкан максималдуу мөөнөтү билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.