Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, окууга калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюму) билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, окууга калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү жол-жоболоруна карата жалпы талаптарды белгилейт.
2. Бул Жобо аккредитациясы бар билим берүү уюмдарына колдонулат.
2. Билим алуучуларды бир билим берүү уюмунан башкасына которуу тартиби
3. Билим алуучуларды которуу жайкы же кышкы каникул мезгилинде, билим алуучуну кызыктырган адистик/багыт боюнча бош орундар болгондо ишке ашырылат.
4. Билим берүү уюму билим алуучу которулуп жаткан окуу жылына жана окутуу формасына, билим берүү программасынын түрүнө байланыштуу чектөөлөрдү белгилебейт.
5. Билим алуучунун республикалык бюджеттин эсебинен билим алуусунун жалпы узактыгы билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн билим берүү уюму тарабынан кабыл алынган окуу планында белгиленген мөөнөттөн ашпоого тийиш.
6. Аккредитацияланбаган билим берүү уюмдарында билим алган жарандарды аккредитацияланган билим берүү уюмдарына окутуунун каалаган формасына которуу экстернат формасында аттестациялоо укугу ишке ашырылгандан кийин жүзөгө ашырылышы мүмкүн, экстернат формасында окутууга жол берилбеген жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринен/багыттарынан тышкары.
7. Билим берүү уюму кайра уюштурулган, жоюлган учурда билим алуучуларды которуу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте уюштуруучу(лар) тарабынан камсыз кылынат.
8. Билим алуучуларды биринчи окуу жылында которууга биринчи семестр ийгиликтүү аяктагандан кийин жол берилет (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясына мамлекеттик билим берүү грантына кабыл алынган билим алуучуларды кошпогондо). Мында өздөштүрүлгөн академиялык кредиттердин минималдуу саны 30дан кем болбошу керек. Акыркы окуу жылында билим алуучуларды которууга жол берилбейт.
9. Окуунун наркын төлөө келишими боюнча билим алуучуларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу орундарга которуу жүргүзүлбөйт.
10. Билим алуучуну билим алууну улантуу үчүн бир билим берүү уюмунан башкасына, анын ичинде бир адистиктин/багыттын билим берүү программасынан башкасына өтүү менен коштолгон окутуунун бардык формалары боюнча которуу, ошондой эле аларды алмаштыруу билим алуучунун жеке арызы боюнча жүзөгө ашырылат.
Арыз билим алуучуну аттестацияга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн ректорго (проректорго) жиберилет. Арызга зачеттук китепченин/транскрипттин көчүрмөсү тиркелет.
11. Билим алуучуну которуу аттестациянын негизинде жүргүзүлөт. Аттестациялоо аттестациялык комиссия тарабынан зачеттук китепченин/транскрипттин көчүрмөсүн карап чыгуу менен жүргүзүлөт. Аттестациялык комиссиянын курамы жана ишинин регламенти билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Натыйжалуу ишти уюштуруу үчүн билим берүү уюмунда аттестациялык комиссиялар тектеш адистиктер же багыттар боюнча түзүлүүгө тийиш. Аттестациялык комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет.
12. Аттестациялык комиссия билим алуучунун арызын ал берилген учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде, бирок окуу сабактары башталганга чейин кароого тийиш.
13. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча академиялык айырма алынган академиялык кредиттерге ылайык транскрипттин/баалоо барактарынын негизинде, окутулган дисциплиналардын аннотациясын берүү менен белгиленет. Академиялык айырма академиялык кредиттер менен аныкталат жана билим алуучунун жекече окуу планына кошумча киргизилет. Мында кабыл алуучу билим берүү уюму тарабынан билим берүү программасынын мазмунуна (багыттын/адистиктин маалымат пакетине) жараша академиялык кредиттер валидацияланышы/зачеттолушу мүмкүн.
14. Которуу жөнүндө маселе оң чечилгенде (билим алуучунун бекитилген жекече окуу планы бар болсо) кабыл алуучу билим берүү уюму билим алуучуга маалымкат берет. Билим алуучу аталган маалымкатты өзү окуп жаткан билим берүү уюмуна которууга байланыштуу окуудан чыгарылгандыгы тууралуу жана которууга байланыштуу академиялык маалымкатты жана билим берүү уюмуна окууга кабыл алынгандыгы тууралуу документин берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды тапшырат. Билим алуучу берген маалымкаттын жана арызынын негизинде билим алуучу которулуп жаткан билим берүү уюмунун ректору арыз берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде "... которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарылды" деген жазуу менен аны окуудан чыгаруу жөнүндө буйрук чыгарат. Билим алуучунун өздүк делосунан анын негизинде билим берүү уюмуна кабыл алынган билими жөнүндө документ (мындан ары - билими жөнүндө документ) берилет, ошондой эле академиялык маалымкат таризделет жана берилет. Өздүк делодо билими жөнүндө документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана которууга байланыштуу окуудан чыгаруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, ошондой эле билим алуучу тапшырган студенттик билет жана зачеттук китепчеси калат.
15. Билим алуучуну которууга байланыштуу билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө буйрук ректор тарабынан билими жөнүндө документти жана академиялык маалымкатты алгандан кийин чыгарылат (тиешелүү окуу бөлүмүнүн жетекчиси зачеттук китепченин/транскрипттин/баалоо баракчасынын көчүрмөсү академиялык маалымкатка туура келерин текшерет), алар билим алуучунун жеке арызына тиркелет. Документтерди алганга чейин ректор билим алуучуну өзүнүн буйругу менен сабактарга киргизүүгө укуктуу.
Которуу жөнүндө буйрукта билим алуучунун жекече окуу планын бекитүү жөнүндө жазуу камтылууга тийиш.
16. Билим берүү уюмунда билим алуучунун жаңы өздүк делосу түзүлөт жана эсепке алынат, ага которуу жөнүндө арыз, академиялык маалымкат, билими жөнүндө документ жана которуу тартибинде кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү киргизилет.