Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-августундагы № 78-чуа буйругуна |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ _________________________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
МЕКТЕП ИМАРАТТАРЫ. ДОЛБООРЛОО ЧЕНЕМДЕРИ
Школьные здания. Нормы проектирования
School Buildings. Design Standards
КР КЧ 31-08:2022
жаңыртылган редакциясы
_________________________________________________________________________________
Ишке киргизүү датасы – 2024.09.15
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 88-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-нпа буйругу менен бекитилген Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө жобонун талаптарына ылайык иштелип чыкты жана менчиктин бардык түрүндөгү имараттарды долбоорлоо жана курууга, реконструкциялануучу (капиталдык оңдоло турган) имараттарга жана билим берүү мекеме, анын ичинде чакан комплекстерине да жайылтылат.
1.2 Ушул курулуш ченемдери жалпы билим берүү мекемелеринин имараттар тутумун жайгаштыруу жана уюштуруу, жер участогу, аймагы, функционалдуу топтору, курамы жана жайлардын аянттары, көлөмдүк-пландоо чечимдери, жарыктандыруу, инженердик жабдуулары жана ички чөйрөсүнө негизги жоболорду жана талаптарды белгилейт.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкү ченемдик документердин шилтемелери колдонулду:
КР КЧ 20-02:2024* Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери;
КР КЧ 21-01:2018 Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу;
КР КЧ 23-05:2019 Табигый жана жасалма жарыктандыруу;
КР КЧ 31-04:2018 Коомдук имараттар жана курулмалар;
КР КЧ 30-01:2020 Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу;
КР КЧ 41-04:2022 Абаны жылытуу, желдетүү жана кондициялоо;
Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер топтому, Мамкурулуштун 2016-жылдын 20-сентябры № 7-нпа буйругу менен бекитилген;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрели № 201 токтому менен бекитилген «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери;
КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы;
ВКЧ 59-88 Турак жана коомдук имараттарды электр менен жабдуу. Долбоорлоо ченемдери;