Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюму) билим алуучуларын учурдагы контролдоо, орто аралык аттестациялоо жана академиялык карыздарды жоюу тартибин аныктайт.
2. Билим алуучуларды учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо (зачетторду, экзамендерди, модулдарды, текшерүү иштерин, рефераттарды, баяндамаларды, оозеки сурамжылоолорду кабыл алуу) - билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын окуу материалын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын билим берүүсүнүн минимумуна жана билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн даярдыгынын деңгээлине карата талаптарына ылайык өздөштүрүүсүн контролдоо.
3. Билим алуучулардын жетишүүсүн учурдагы контролдоо (мындан ары - учурдагы контролдоо) - семестр ичиндеги оперативдүү контролдоо жана тийиштүү дисциплиналарды модулдар, оозеки суроо, рефераттар, докладдар текшерүү иштери түрүндө үйрөнүү процессинде логикалык жактан бүткөрүлгөн бөлүмдөрү (модулдар жана главалар) боюнча билим алуучулардын билим деңгээлин жана окуу материалынын өздөштүрүүсүнүн даражасын баалоо.
4. Билим алуучулардын жетишүүсүн орто аралык аттестациялоо (мындан ары - орто аралык аттестация) - семестр аяктаганында (экзамендик сессия убагында) билим алуучулардын жеке окуу пландарында ушул семестрде окутулушу каралган дисциплиналар боюнча зачетторду жана экзамендерди кабыл алуу жолу менен милдеттүү контролдоо.
5. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо формасы билим берүү уюму тарабынан аныкталат, билим алуучуларга семестрдин башталышына карата маалымдалат.
6. Экзамендер билимдин жана окутуунун сапатын орто аралык контролдоонун негизги формаларынын бири болуп саналат жана билим алуучунун семестр ичиндеги ишин, теориялык билимдерди өздөштүрүү даражасын баалоо, өз алдынча иштөө көндүмдөрүн, алган билимдерин синтездөө жана аларды практикалык, кесиптик маселелерди чечүүдө колдонуу жөндөмүн текшерүү максатын көздөйт.
7. Дисциплина боюнча экзамен жок болгон учурда зачеттор билим алуучунун теориялык билимин баалоонун формасы болуп саналат, ошондой эле билим алуучунун лабораториялык жана эсептик-графикалык иштерди, курстук долбоорлорду (иштерди), практикалык жана семинардык сабактарды жана окуу сабактарынын башка түрлөрүн аткаруусун текшерүү формасы катары кызмат кылат.
8. Билим алуучулардын жетишүүсүн баалоонун баллдык-рейтингдик системасы билим берүү уюму тарабынан иштин ар бир түрү үчүн белгиленген баллдардын жардамы менен окутуунун натыйжаларын баалоону карайт.
9. Факультативдик дисциплиналар боюнча билим алуучулар өздөрүнүн каалоосуна ылайык экзамендерди жана зачетторду тапшырышат жана натыйжалар ведомостко, зачеттук китепчеге жана дипломдун тиркемесине киргизилет.
2. Орто аралык аттестациялоо тартиби
10. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо билим берүү уюмунун жетекчиси (окуу иштери боюнча проректор) тарабынан белгиленген тартипте бекитилген билим берүү уюмунун окуу жылына карата академиялык календарына ылайык жүргүзүлөт.
11. Айрым дисциплиналар боюнча учурдагы контролдон толук өтпөгөн билим алуучулар бул дисциплиналар боюнча экзамен тапшырууга киргизилбейт, бирок башка дисциплиналар боюнча экзамен тапшырууга укуктуу.
12. Факультеттин (институттун) жетекчилери сырттан окуу формасында билим алуучуларга зачеттук-экзамендик сессияга чейин контролдук тапшырмаларды тапшыруу жана курстук долбоорлорду (иштерди) жактоо мөөнөттөрүн жекече белгилөөгө укуктуу.
13. Факультеттин (институттун) жетекчиси тийиштүү кафедранын өтүнүч катын эске алуу менен жакшы окуган билим алуучуларга контролдук тапшырмаларды, курстук долбоорлорду (иштерди) тапшыруунун жекече мөөнөттөрүн белгилеп, экзамендик сессиялар башталганга чейин айрым дисциплиналар боюнча экзамендерди жана зачетторду тапшырууга уруксат бере алат.
14. Экзаменге жана зачетторго келгенде билим алуучулардын зачеттук китепчеси болууга тийиш, аны экзаменаторго көрсөтүшөт.
15. Экзамендер экзаменатордун ассистенттеринин катышуусу менен лекциялык сабактарды өткөн экзаменаторлор (профессорлор, доценттер, улук окутуучулар) тарабынан кабыл алынат. Кафедранын чечими менен экзаменди өткөрүүгө бул дисциплина боюнча топто сабактардын башка түрлөрүн (практикалык, семинардык, лабораториялык сабактар) өткөргөн окутуучулар катышат.
16. Зачетторду ушул дисциплина боюнча топто практикалык, семинардык жана лабораториялык сабактарды өткөн окутуучулар кабыл алышат.
17. Курстук иштерди (долбоорлорду), эсептик-графикалык иштерди жана жумуш ордунда окутуудан өткөндүгү жөнүндө отчетту жактоо алардын жетекчилеринин катышуусу менен кафедра дайындаган комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
18. Экзамендердин, курстук иштерди (долбоорлорду) жактоонун, жумуш ордунда окутуудан өткөндүгү жөнүндө отчеттордун жыйынтыктары академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштурууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык билим берүү уюму өз алдынча иштеп чыккан баалоо шкаласына ылайык бааланат.
19. Экзамендерди жана зачетторду өткөрүүнүн формасы, ошондой эле билим алуучулардын жетишүүсүн баалоонун критерийлери билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
20. Факультеттин (институттун) жетекчисинин же окуу иштери боюнча проректордун уруксатысыз окуу процессине тиешеси жок бөтөн адамдардын экзамендерге жана зачетторго катышуусуна жол берилбейт.
21. Дисциплинанын айрым бөлүмдөрүн бир нече окутуучу окуган учурда - экзаменди же зачетту кабыл алуу ошол дисциплина боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөн бардык окутуучулар тарабынан жүргүзүлөт, бирок бир баа коюлат.
22. Зачеттордун жана экзамендердин натыйжалары жетишүү ведомостуна коюлат. Экзамендерге жана зачетторго экзамендерди жана зачетторду тапшыруу расписаниесинде белгиленген мөөнөттө келбөө экзамендик/зачеттук ведомостто "келген жок" деген сөздөр менен белгиленет. Эгерде жүйөсүз себептен улам келбей койсо, анда факультеттин (институттун) жетекчиси тарабынан ал канааттандырарлык эмес баа катары каралат.
23. Экзамендердин расписаниеси ар бир дисциплина боюнча экзамендерге даярданууга кеминде эки календардык күн бөлүнгөндөй эсептөө менен түзүлөт. Бир экзамендик сессияга бештен көп эмес экзамен жана алтыдан көп эмес зачет киргизилет. Көрсөтүлгөн санга дене тарбия боюнча зачет жана факультативдик дисциплиналар боюнча отчет кирбейт. Окутуунун бардык формалары үчүн экзамендердин расписаниеси билим берүү уюмунун жетекчиси (окуу иштери боюнча проректор) тарабынан бекитилет жана экзамендик сессия башталганга чейин кеминде бир ай мурда окутуучуларга жана билим алуучуларга маалымдалат.
24. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери, проректорлор, факультеттердин (институттардын) жетекчилери жана кафедра башчылары профессордук-окутуучулук курам менен биргеликте экзамендик сессиянын жүрүшүндө билим алуучулардын даярдыгынын сапатын талдашат жана билим берүү процессин андан ары жакшыртууну камсыздоочу чараларды көрүшөт. Экзамендик сессиялардын жыйынтыктары факультеттин (институттун) жана билим берүү уюмунун кеңештеринин жыйындарында каралат.