КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин (7-шайланган) кезектеги чакырылган бешинчи сессиясынын жыйналышынын
2023-жылдын 03-октябры №5/3
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2022-2026 жылдар аралыгында социалдык –экономикалык өнүгүү планын (СЭОП) ишке ашыруу жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2022-2026 жылдар аралыгында соиалдык –экономикалык өнүгүү планын (СЭОП) ишке ашыруу максатында АРИС тин “САSА-1000 коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан төмөндөгү долбоор Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовдун 2022-2026-жылдар аралыгында социалдык экономикалык өнүгүү планына киргизүүнү колго алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим Дөбө айылында курулуп жаткан ФАП тын курулуш долбоору колго алынсын жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
2. ФАПтын курулушуна тиешелүү документтерди даярдоо жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси Б.Салиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо,жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |