Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 24-июлу № 143
Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун (мындан ары - Фонд) максаттарын жана милдеттерин, укуктук статусун, анын ишин жөнгө салуунун тартибин, Фонддун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле Фонддун жана акциялары Фонддун ишенимдүү башкаруусуна таандык болгон же өткөрүлүп берилген юридикалык жактардын укуктук абалынын башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
2. Фондду түзүүнүн жана анын ишинин өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Фонд ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка атайын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын, башка мыйзамдарын жана Фонддун ички документтерин жетекчиликке алат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) Фонддун тобу - алардын катарына Фонд, анын туунду компаниялары, ошондой эле аларга карата мындай туунду компаниялар тарабынан кыйыр ээлик кылуу орун алган компаниялар кирген юридикалык жактардын жыйындысы;
2) Фонддун туунду компаниялары - добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүштөрүнүн) 50 пайыздан ашыгы Фондго менчик укугунда, же болбосо ишенимдүү башкаруунун күчүндө таандык болгон юридикалык жактар;
3) Фонддун көз каранды компаниялары - добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүштөрүнүн) 20дан 50 пайызына чейин Фондго же анын туунду компанияларына менчик укугунда же болбосо ишенимдүү башкаруу күчүндө таандык болгон юридикалык жактар;
4) кыйыр ээлик кылуу - Фонддун туунду компаниясы тарабынан менчик укугунда юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 50 жана андан ашык пайызына ээлик кылуусу, мындай юридикалык жактын башка юридикалык жакка добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) окшош пакетине ар бир кийинки ээлик кылуусу, ошондой эле өлчөмү боюнча ушундай эле добуш берүүчү акциялардын (катышуу үлүшүнүн) окшош пакетинин көрсөтүлгөн жактардын ишенимдүү башкаруусунда болушу;
5) Фонддун туунду компанияларынын ири бүтүмү - мындай бүтүмдү же бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата, мындай туунду компаниянын активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашык наркы менен, бир тарабынан Фонддун туунду компаниясы болуп чыккан кандай болбосун бүтүм же өз ара байланыштагы бир нече бүтүмдөр;
6) Фонддун ири бүтүмү - мындай бүтүмдү же бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата, Фонддун активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашык наркы бар, бир тарабынан Фонд же анын тобуна кирген компания болуп чыккан кандай болбосун бүтүм же өз ара байланыштагы бир нече бүтүмдөр;
7) Фондду өнүктүрүү стратегиясы - Фонддун тобуна кирген компаниялардын узак мөөнөттүү наркын көбөйтүүгө, ошондой эле Фонддун бардык активдерин натыйжалуу башкарууга багытталган анын миссиясын, максаттарын, милдеттерин жана аларга жетүү ыкмаларын аныктоочу жана негиздөөчү документ.
3-берене. Фонддун максаттары жана милдеттери
1. Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Фондго узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу жана анын андан ары капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуусу аркылуу алардын наркынын узак мөөнөттүү туруктуу өсүшүн камсыз кылуу Фонддун ишинин максаты болуп саналат.
2. Фонд төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
1) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарда акционердин (катышуучу) функцияларын аткаруу, ошондой эле менчик укугунда же ишенимдүү башкаруу аркылуу Фондго таандык башка мүлктү башкаруу;
2) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
3) Фондго, ошондой эле Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарга ар кандай формада кошумча инвестицияларды тартуу жана тартууга көмөктөшүү;
4) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын жергиликтүү жана эл аралык фонддук рынокторго чыгуусун камсыз кылуу;
5) Фонддун туунду компанияларын өнүктүрүү стратегиясын түзүү жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
6) алардын өздөрүнүн туунду жана көз каранды компаниялары аркылуу тармактык мамлекеттик программаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына көмөк көрсөтүү;
7) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын кадрдык потенциалын түзүү, өнүктүрүү жана башкаруу.
3. Фонд өнүктүрүү стратегиясына жана Фонддун жогорку башкаруу органынын чечимдерине ылайык башка милдеттерди ишке ашырат.
4. Фонддун милдеттери, функциялары, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана Фонддун уставы менен аныкталат.
4-берене. Фонддун укуктук статусу
1. Фонд ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
2. Фонддун акционери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) эсептелет. Министрлер Кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Фонддун акциялары мамлекеттик менчик болуп саналат жана Фонддун акцияларын фондулук биржада ачык сунуштоо жолу менен жана/же чет өлкөлүк фондулук биржада листинг менен Фонддун акцияларына болгон укукту күбөлөндүрүүчү глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен, бирок анын акцияларынын 20 пайызынан ашык эмес сунуштоодон тышкары, ээликтен ажыратылышы мүмкүн эмес.
4. Фонддун акцияларынын листинги фондулук биржада жүргүзүлгөндөн кийин Министрлер Кабинети Фонддун акцияларынын ачык сунуштарына ылайык акцияларды сатып алууга укуктуу.
Министрлер Кабинети башка жактарга таандык болгон Фонддун акцияларын алар ээликтен ажыратылганда, артыкчылыктуу сатып алууга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасы Фонддун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Фонд Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Фонддун капиталын түзүүнүн жана укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү
1. Фонддун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Фонддун капиталы Фонддун акцияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт. Фонддун акциялары аларды жайгаштыруунун жүрүшүндө Фонддун жогорку башкаруу органынын чечими менен бекитилген тартипте жана шарттарда төлөнөт.
3. Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө башка чарбалык жана/же акционердик коомдордогу акциялар (катышуу үлүштөрү), мүлктүк комплекстер жана мамлекетке таандык башка мүлктөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө эсебине өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик менчик объекттерин, анын ичинде стратегиялык объекттерди пайдалануу жөнүндө чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
4. Коммерциялык банктардын мамлекеттин менчигинде турган акцияларын Фондго өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугун алуу талап кылынбайт.