ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII- чакырыгынын ирээттеги XXV сессиясы
2023-жылдын 16-ноябры № 128-1
Кызыл-Туу айылында кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Петровка айыл аймагынын «Кызыл-Туу айылына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап
Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. «Кызыл-Туу айылына кичи футбол аянтчасын куруу»үчүн кошо каржылоого 70629-бөлүм боюнча 3111-берененин 31113290 элементи боюнча 1076157,0 сом өлчөмүндө каражат каралсын.
2. Долбоор жактырылса 1076157,0 сом өлчөмүндө каражат бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Ж.А. Байсулдаевге милдеттендирилсин.
Төрага | У.Абылдаев |