Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезектеги  V-сессиясынын

 

2024-жылынын 19-июлуну  №27

 

“Кызыл-Токой айылындагы жаңы курулган бала бакчага аталыш берүү жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы жаңы салынган бала бакчага “Учур” мектепке чейинки билим берүү уюму ” мекемеси деп атоо жөнүндөгү эмгек коллективинин жана айыл тургундарынын кайрылууларынын негизинде, Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,  Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Токой айылындагы жаңы салынган бала бакчага “Учур мектепке чейинки билим берүү уюму ” мекемеси деп атоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.