Редакцияот 17.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

 

2023-жылдын 17-ноябры № 1

 

Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө

 

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIV – сессиясынын кароосуна келип түшкөн Чаткал айыл өкмөтүнүн 10.11.2023-жылдагы № 01-17/01/240 сандуу Чаткал районундагы туруктуу калк жашабаган айылдардан административдик-аймактык бирдик катары 4170230841030 номуру менен катталып жүргөн Беш-Арал айылын туруктуу калк жашабагандыгына байланыштуу “Айыл” категориясынан чыгаруу жөнүндө сунушун карап, талкуулап чыгып Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХIV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаткал районундагы туруктуу калк жашабаган айылдардан административдик-аймактык бирдик катары 4170230841030 номуру менен катталып жүргөн Беш-Аралайылын туруктуу калк жашабагандыгына байланыштуу “Айыл” категориясынан чыгаруу жөнүндө сунушу четке кагылсын жана калктуу конуш катары каттоодо калтырылсын.

2. Кабыл алынган токтом боюнча тиешелүү жактарга маалымат жеткирүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Токтогуловго милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.

 

 

Чаткал айылдык Кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

К.С. Оморов.