ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 2
Чаткал айылдык аймагынын 2023-жылга карата бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин планынын тогуз айга карата аткарылышы тууралуу отчетун угуу
Чаткал айыл аймагынын 2023-жылга бекитилген “Социалдык-экономикалык өнүгүү иш аракеттер планынын” тогуз айга карата аткарылышы тууралуу отчетун угуп, талкуулап, сессиянын жүрүшүндө айтылган сунуш, сын пикирлерди эске алуу менен Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматы жана Чаткал айылдык Кеңешинин депуттарынын Чаткал айыл амагында жайгашкан мекеме-уюмдардын кышка карата даярдыктары тууралуу тактамасы эске алынсын.
2. Чаткал айыл аймагынын 2023-жылга бекитилген “Социалдык-экономикалык өнүгүү иш аракеттер планынын” тогуз айга карата аткарылышы сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңшинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.С. Оморов. |