ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 4
Ар кандай маселелерди кароо жонундо
Чаткал айылдык Кеңешинин сессиясынын кароосуна келип түшкөн ар кандай мазмундагы кайрылуу, сунуштарды карап, талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн 10.11.2023-жылдагы №01-17/03/241, №01-17/04/239, 16.10.2023-жылдагы №01-17/11/225 сандуу сунуштары эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине “ЗААВ Чаарат № жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан түшкөн 2000,0 мин сом акча каражаты Чандалаш каналын ондоп түздөө жумуштарын аткаруу үчүн айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 2214-статьясына 1000,0 мин сом жана 2215-статьясына 1000,0 мин сом коюлуп чыгымдалсын жана ушул эле булактан Жаны-Базар айылынын тургуну Н.Убалиеванын арызы боюнча түшкөн 100,0 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары бөлүгүнүн 2721-статьясына коюлуп чыгымдалсын.
3. Ак-Таш айылындагы Чек-ара заставасы жайгашкан идентификациялык номери №3-09-02-1003-0093 сандуу кыймылсыз мүлктү чек-ара заставасынын балансына өткөрүп берүү сунушу канааттандыруусуз калтырылсын.
4. Курулуш, Чандалаш айылдарына коюлуучу трансформаторлорду орнотуу үчүн жер тилкелери жеке жактардын короолорунан болгондугуна байланыштуу мыйзамдуу жагын карап, такталып кийинки сессияга сунушталсын.
5. Курулуш айылынын тургуну Кочкоров Каныбектин өзүнө тиешелүү кашарын мыйзамдаштырууда мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын тактап мыйзамдаштыруу жагы Чаткал айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Чаткал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 23.10.2023-жылдагы №04-10/259 сандуу каты боюнча “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун” жерлеринин ижара акыларына коюлуучу коэффиценттер өзгөртүүсүз баштапкы өлчөмүндө калтырылсын.
7. Чаткал айыл өкмөтүнө Курулуш айылында жаныдан курулган спорт залына келүүчү жолго жана авто унаа токтоочу жайга алсфальт төшөө боюнча Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго ылайык 573,5 мин сомго өтүнмө берүүгө макулдук берилсин.
8. Жаңы-Базар айылында жайгашкан “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси У.Абдыкеримованын 17.11.2023-жылдагы №7 жана “Алтын- өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси М.Төрөканованын 17.11.2023-жылдагы №59 сандуу карйылуулары жана айыл аймагындагы башка мекеме-уюмдардын кышка карата даярдыктары боюнча тиешелүү денгээлде иш алып баруу жагы жана аткарылган жумуштар боюнча Айылдык Кеңештин кезектеги жыл жыйынтыгы менен өтүүчү сессиясына билдирүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго милдеттендирилсин.
9. Жаны-Базар айылынын тургуну Н.Таласбаеванын эс-алуу борборун куруу боюнча арызы канааттандыруусуз калтырылсын жана Чаткал айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисине арыз ээсине суралып жаткан жер тилкесинин жайгашышы жана таандыгы боюнча майзамдуу тактоолорду жүргүзүп маалымат жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
10. Жаны-Базар айылынын тургуну кызынын ден-соолугуна байланыштуу кайрылган К.Курманалиеванын арызын карап жакындан жардам көрсөтүү максатында Чаткал айыл өкмөтүнүн кароосуна сунушталсын.
11. Чаткал айылдык Кеңешинин депутаты айылдык кеңешинин төрагасынын милдетин аткарып келген М.Козубаевдин төрагалыктан баш тарткан жана депутаттык мандатынан баштарткан К.Мазирбаевдердин арыздары Чаткал райондук аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлсүн.
12. Депутат У.Абдыкеримовдун сунушу боюнча Беш-Арал участкасында жол салуу жумуштарын аркаруучу “Мурас синтез” жоопкерчилиги чектелген коомунун жүргүзүп жаткан иштери боюнча тактоолорду жүргүзүп, мыйзам бузуу фактылары катталса тиешелүү органдарга жана жүргүзүлгөн иштер боюнча Чаткал айылдык Кеңешине билдирүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго милдеттендирилсин.
13. Чаткал айылдык Кеңешинин 18.07.2023-жылдагы №2 токтомунун 3-пунктунда көрсөтүлгөн сунуш боюнча Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылында “Кичи Чаарат” жоопкерчилиги чектелген коомунун демөөчүлүгү менен курулган спорт залдын курулуш иштерин толук бүткөрүү жана кетирилген чыгымдарын төлөө үчүн иш аткаруучу ишканага райондук мамлекеттик администрация менен аталган ишкананын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде бөлүнгөн 2,0 миллион сомакча каражатын,райондук мамлекеттик администрациясынан аталган спорт залдын курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен чыгымдалбагандыгына байланыштуу иш аткаруучу ишкананын өздүк эсебине түз которуп берүү жагы суралсын.
14. Курулуш айылында жайгашкан “С.Чондоева” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жана Ак-Таш айылында жайгашкан “Жаш тилек” мектепке чейинки билим беруу уюмунун от жаккан кызматкерлерине кыш мезгилинде от казандарына үч жерден от жаккандыгына байланыштуу ар ай сайын жергиликтүү бюджеттен 7,0мин сомдон кошумча эмгек акылары төлөнүп берилсин жана “Баластан”, “Бала-Нур” мектепке чейинки билим берүү уюмуна, Айыл өкмөтүнүн кошумча имаратына,от жагуу мезгилине от жагуучу кызматкерлер кабыл алынсын жана эмгек акылары келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттар эсебинен төлөнүп берилсин.
15. Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылында жаныдан ачылган “Алтын өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюмуна чарбалык иштерин уюштурууга кошумча 100мин сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен акча каражаты атайын каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин.
16. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.