ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 6
Жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чаткал айыл өкмөтүнүн 17.11.2023-жылдагы № 01-17/01/243 сандуу сунушун карап, талкуулап чыгып Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн 17.11.2023-жылдагы № 01-17/01/243 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Республикалык бюджеттен бирдиктүү жер салыгын толтуруу үчүн түшкөн 163,1 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинин 2215 статьясына коюп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.С. Оморов. |