ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 8
Райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо жөнүндө
Чаткал айыл өкмөтүнүн 17.11.2023-жылдагы № 01-17/01/242 сандуу Жаңы-Базар айылында жайгашкан “ Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын ондоо-түздөө жумуштарын толук бүткөрүү жана ашканасына жылытуу системаларын орнотуу боюнча сунушун карап, талкуулап чыгып Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн 17.11.2023-жылдагы № 01-17/01/242 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Чаткал райондук өнуктүрүү фондуна Жаны-Базар айылында жайгашкан “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын ондоп-түздөө жумуштарын толук бүткөрүү жана ашканасына жылытуу системасын орнотуу үчүн кошумча 1366023( Бир миллион үч жүз алтымыш алты мин жыйырма үч) сомго өтүнмө берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.С. Оморов. |