Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезектеги  V-сессиясынын

 

2024-жылынын 19-июлуну  №37

 

“Шекафтар айылындагы 50 га жер аянтын башка багытка которуу (трансформациялоо) жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылындагы 50 га жер аянтын турак-жай салуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак-жай салуу үчүн трансформациядан чыгаруу жана Сумсар, Шекафтар айылдарынын башкы планын даярдатуу зарылдыгына байланыштуу Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылындагы 50 га жер аянты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак-жай салуу үчүн трансформациядан чыгарылсын жана Сумсар, Шекафтар айылдарынын башкы пландары даярдалсын.

 

2. Чаткал райондук өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин 2023-жылдын 19-декабрындагы №6 протоколу менен бөлүнгөн 3000000 (үч миллион) финансы каражатынын ичинен 600 000 (алты жүз миң) сом Шекафтар айылындагы 50 га жерди трансформациялоо боюнча башкы планын даярдоого жумшалсын жана калган 2 400 000 (эки миллион төрт жүз мин) сом Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар жана Шекафтар айылдарынын башкы планын жасатууга жумшалсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.