Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

28- чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19- сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 19-1

 

Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүн аткарылышы жөнүндө

 

Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып,Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышнын кезектеги 19- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражатынын аткарылышын, айылдык кеңешинин бюджеттик комиссия менен талкуулап чыгып, канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. 2023-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетине тармактар жана статьялар боюнча республикалык бюджеттен келген теңдештирүүчү грант каражаттары, божомолдон ашыкча жыйналган кирешелерди эсепке алып,өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Т.Хамракулов