АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28- чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19- сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 19-4
Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылынан “Инвест Тур” ЖЧК ишканасына ижарага жер аянтын берүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагындагы Сафед-Булан айылында инвестиция тартуу, туризмды өнүктүрүү, келген туристерге ыңгайлуу шарт жаратуу жана кошумча жумушчу орундарды жаратуу максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылындагы А.Шайитов көчөсүндөгү № 161 контурундагы калктуу конуш категориясындагы 0,70 га жер аянтын атайын мыйзам чегинде “Инвест Тур” ЖЧК ишканасына 2 кабаттуу жеңил курулуш менен туристик комплекс жана тигүүчү цех куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Имаратдын курулмасын архитектууралык талаптары жана нормаларын эрежелерине ылайыктап куруу жеке ишкерге милдеттендирилсин.
3. Жерге тиешелүү болгон документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ак-Коргон айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |