Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXV сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры № 35/1

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин кээ бир беренелердеги каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө.

         Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Р.Султанова, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин  билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  мыйзамынын 34 беренесин жетекчилике алып, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.     Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин бош калган калган каражатынын, Шамшы  бала-бакча раздельинин 3111 статьясындагы 3 302 401 миң сом акча каражатынан учурдагы зарылчылыкка байланыштуу:

-700 000 (жети жүз миң)сомун Шамшы айылындагы Таза-Суу оңдоо ишине                         3112статьясына которулсун.

-2 602 401сомду Шамшы Балдар ойноочу аянтчасына 3111 статьясына которулсун.

2.     2024-жыл аягындагы бош калган каражаттын баардыгы Кум-Дөбө айылында салына турган  Кулубка жумшалсын.

3.     Акча каражаттарын эсептеп беренелерге которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ   башчысы – башкы эсепчиси Б.Тажиевге  милдеттендирилсин.

4.     Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жана өз максатында жумшоо жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго тапшырылсын.

 Төрага

М. Чолпонкулов