Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

28- чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19- сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 19-6

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы “М.Бабаханов” көчөсүндөгү жүргүнчүлөр жолун оңдоо жөнүндө

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы айыл тургундары, мектеп окуучулары жана МЧББУнун тарбиялану учуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында “М.Бабаханов” көчөсүндөгү жүргүнчүлөр жолун оңдоо максатында Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы “М.Бабаханов” көчөсүндөгү жүргүнчүлөр жолун оңдоо үчүн турткуу берүүчү грантка өздүк салым катары 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 818 562 (сегиз жүз он сегиз миң беш жүз алтмыш эки) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомго тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.Хамракулов