Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезектеги  V-сессиясынын

 

2024-жылынын 19-июлуну  №38

 

“Чаткал-Ала-Бука токой чарбаларына караган 126 га жер аянтын башка багытка которуу (трансформациялоо) жөнүндө.”

 

Чаткал –Ала-Бука токой чарбаларына караган 126га жер аянтын Терек-Сай айыл аймагында турак-жай салууга кезекке турган тургундардын кескин жогорулап бара жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, турак-жай салуу үчүн трасформациядан чыгаруу зарылдыгы  жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,  Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.Чаткал –Ала-Бука токой чарбаларына караган 126га жер аянтын Терек-Сай айыл аймагында турак-жай салууга кезекке турган тургундардын кескин жогорулап бара жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак-жай салуу үчүн трансформациядан чыгарылсын.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.