Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезектеги  V-сессиясынын

 

2024-жылынын 19-июлу  №42

 

“Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мекемесинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгы боюнча аталган мектептин директору Г.Шералиеванын билдирүүүнө ылайык, акча каражат карап берүү зарылдыгы  жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,  Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мекемесинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгына байланыштуу атайын долбоор даярдап, мүмкүнчүлүккө жараша жумуштун аткарылышынан түшкөн каражаттардын эсебинен каражат карап берүү жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.