Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезектеги  V-сессиясынын

 

2024-жылынын 19-июлу  №43

 

““Сумсар” балдар бакчасындагы эскирген шейшептерди жаңылоо жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Сумсар мектепке чейинки билим берүү уюуму ” мекемесинде балдар уктоочу бөлмөдөгү шейшептердин эскилиги жеткендигине байланыштуу, жаңылоо зарылдыгы боюнча аталган бала бакчанын жетекчиси Н.Баимбетованын билдирүүсүнө ылайык, шейшептерди жанылоо зарылдыгына байланыштуу акча каржатын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Сумсар мектепке чейинки билим берүү уюуму ” мекемесинде балдар уктоочу бөлмөдөгү шейшептердин эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңылоо үчүн 280 000 ( эки жүз сексен миң) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин..

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.