Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXV сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры № 35/5

«Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын негизинде  «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» Жобонун Кум-Дөбө айыл аймагына ылайыкташтырылып иштелип чыккандыгы жөнүндө маалыматын эске алып Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кум-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    Кум-Дөбө айыл аймагынын«Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» Жобо бекитилсин.

2.    Бул токтомду аткарууга алуу жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын негизинде иш алып баруу жагы Кум-Дөбө  айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдетендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айыл чарба,жер реформасы,байланыш, курулуш, турак жай жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 Төрага

М. Чолпонкулов