Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXV сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры № 35/6

 

 Мунципалдык менчикти Сатаров Тилек Карыповичке ижарага берүү жөнүндө.

 

Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине,  негизинде «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобонун 8-главасына ылайык, «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  мыйзамынын 34 беренесин жетекчилике алып, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1.  “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан Мажитович ушул токтомдун  ылайык, муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөш Сатаров Тилек Карыповичке, (ID3148753) (Колесный трактор год выпуска А/М 2024, модель ST D1104.Идентификационный Номер кузова WFRE1741,Номер двигателя YT24014292) Кытай өндүрүшүнөн чыккан тракторун экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
  2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан Мажитович белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин.
  3. Бизнес-өнөктөш " Сатаров Тилек Карыпович "өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын жана ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы, бюджеттик жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 Төрага

М. Чолпонкулов