Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 1-августу № 5-Б
Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү жɵнүндɵ
“Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
3. буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
4. буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
5. ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
6. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-Б “Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү жɵнүндɵ” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр А.К.Бакетаев
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин
2024-ж. “____” ________
№ _____________
буйругу менен бекитилген
Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмо (мындан ары – Колдонмо) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын ведомстволук уюмдарынын, мамлекеттик ишканалардын (мындан ары - ички аудит объекттери) ички аудит кызматтарынын ишин баалоонун, ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү боюнча программаны түзүүнүн максаттарын жана ыкмаларын аныктайт жана ички аудит кызматтарынын жетекчилери, ички аудиторлор жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн арналган (мындан ары - Финансы министрлиги).
1. Ички аудит кызматтарынын ишин баалоонун максаттары
1. Ички аудит объекттеринде ички аудит кызматтарынын ишин баалоонун (ички аудиттин сапатын баалоонун) негизги максаты алардын жана ар бир аудитордун ишинин натыйжалуулугунун даражасын өз-өзүнчө аныктоо, ошондой эле иштин ички аудит чөйрөсүндөгү белгиленген тартипте коюлуучу талаптарга ылайык келүүсүнө баа берүү болуп саналат
2. Ички аудит кызматынын ишин баалоо анын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо үчүн жүргүзүлөт жана анын ишин жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
· ички аудит кызматынын жана жеке аудиторлордун ишинин натыйжалуулугун аныктоо;
· ички аудит кызматынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга муктаждыкты аныктоо.
1. Ички аудит кызматтарынын ишине баалоо жүргүзүү төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
· ички аудиттин сапатын ички баалоо;
· ички аудиттин сапатын тышкы баалоо.
1. Ички аудиттин сапатын ички баалоо ички аудит кызматы тарабынан төмөнкү деңгээлдердеги туруктуу мониторинг жана мезгилдүү текшерүүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
· ички аудит кызматтарынын иши;
· аудиттин тапшырмасын аткаруу.
1. Ички аудиттин сапатын тышкы баалоо Финансы министрлиги тарабынан төмөнкү жолдор аркылуу жүргүзүлөт:
· ички аудит кызматтарынын ишине камералык мониторинг жүргүзүү (биринчи деңгээл);