КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9- чакырылышынын кезексиз I- сессиясы
2023-жылдын 14-февралы № 5
Курама айыл өкмөтүнүн кеңсе катчы кызматкердин эмгек акысынна үстөк айлык акы төлөнүсү жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн кенсе катчысы кызматкердин айлык акысына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 4-пункту “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын кызматтык маянасына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдү жергиликтүү бюджеттин болгондугуна жараша жергиликтүү кеңештер бекитет” мыйзам-дарында каралган үстөк айлык акы төлөп берүүсүнө
Токтом кылат:
1. Курама айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.К.Космосаалыв, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы 4-пункту № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” 2023-жылдын февраль айынан тартып Курама айыл өкмөтүнүн кенсе катчы кызматкерине 7000 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөп берсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Д.М.Манамкуловко жана Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М. Узакбаевке жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Р.Мамбеталиев |