Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9- чакырылышынын кезексиз I- сессиясы

2023-жылдын 14-февралы №1

2022-жылдын бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2023-жылга карата Курама айыл өкмөттүн бюджетин бекитүү жөнүндө

Курама айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.К Космосаалыевдин 2022-жылдын бюджетин аткарылышы боюнча отчету жана 2022-жылга курама айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз ЗРеспубликасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.К Космосаалыев 2022-жылдын бюджеттин аткарылгандыгы боюнча: бекитилген план 22 889,0 миң сом, такталган план 34 504,5 миң сом, касса боюнча – чыгаша бөлүгү 32 332,3 миң сом отчету эске алынсын.

 

2.Курама айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 2023-жылга 26 101,0 миң сомго бекитилсин, анын ичинен: бюджет боюнча 24 021,0 миң сом суммасында бекитилсин. (№1,№2 тиркеме)

 

3. 2023-жылга бюджетти каржылоо чыгашалары, биринчи кезекте бюджеттин корголгон эмгек акылары, социалдык фонд, комуналдык кызматтар беренелери боюнча каржылоо жургузулсун.

 

4. 2023-жылга Курама айыл өкмөтүнүн түзүмү жана жумушкерлердин штаттык ыраттамасы бардыгы – 43 штатка бекитилсин, анын ичинен мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн штаттык тартиби – 19 бирдик, кенже тейлөөчү персонал – 2 бирдик, турак жай комуналдык чарба бөлүмү – 15 бирдик жана китепкана – 1 бирдик болуп бекитилсин, спорттук бөлүмү – 3 бирдик жана мадания үйү – 3 бирдик болуп бекитилсин. (Жумушкерлердин штаттык ыраттамасы 6-баракчада тиркелет).

 

5. Айыл өкмөтүнө түшкөн акча каражат райондук казыналык тутумдан тышкары колдонуга тыйуу салынсын.

 

6. 2023-жылдын бюджеттик каражаттары айылдык кеңештин макулдашуусу менен Курама айыл өкмөтүнүн башчысына керектүү колдонууга жана кайра бөлүштүрүүгө укугу берилет.

 

7. Ушул токтомдун аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Космосаалыев Б.К жүктөлсүн.

 

8. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Узакбаев Н.М жана бюджет туруктуу комиссиянын төрагасы Манамкулов Д.М жүктөлөт.

 

Курама айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Р.Мамбеталиев