Редакцияот 17.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 17-ноябры № 30/VII

Социалдык маанидеги муниципалдык имаратта убактылуу жашаган ижарачыларды чыгаруу жѳнүндѳ

 

Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын Б.Р.Джекшембаевдин «Социалдык маанидеги муниципалдык имаратта убактылуу жашаган ижарачыларды чыгаруу жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап Красная Речка айылдык кенешинин депутаттары белгилешти, Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин  2023-жыдын 15-февралындагы №969-VII  токтомун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин кайрылуусун карап бошогон имараттарды биринчи кезектеги социалдык тармактын керектоолорун камсыз кылуу учун, анын ичинде бала-бакча жана мектеп катары пайдаланууну максатынды, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы,

 

токтом кылат:

 

1. Мектепке чейинки билим берү мекемелеринин жана мектептердин жетишсиздигине байланыштуу Красная Речка айыл өкмөтүнүн аймагында  муниципалдык объектилерди сарамжалдуу пайдалануу максатында, атап айтканда Ворошилова кѳчѳсүндѳ жайгашкан мурдагы бала бакчанын имараты жана Тѳлбашиев кѳчѳсүндѳгү жайгашкан мурдагы РИИБнин имараты  2024-жылдын 1-июнуна чейин бошотулсун.

2. Жогорудагы Красная Речка айылдык кенешинин токтому менен кол коюу менен жашоочулар тааныштырылсын.

3. Красноречка айыл өкмөтү:

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

 

 

4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин  mkk.gov.kg сайтына  жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, транспорт, өнөр жай жана турак жай – коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн

6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары                                                                  Е.С.Попуца