ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-апрели № 77/XXI-28
Радио маяк жана жарык берүүчү жабдууларды жайгаштыруу үчүн орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Аэродромдун коопсуз иштеши үчүн зарыл болгон радио маяк жана жарык берүүчү жабдууларды жайгаштыруу үчүн орнотууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин 2023-жылдын 25-апрелинде №13-1-16/1159 катын карап жана талкуулап чыгып, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Контур -197 АЖМФ жерлерине радиомаяк жана жарык берүүчү жабдууларын жайгаштыруу үчүн орнотууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерде - стенддерге жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |