Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  V-сессиясынын

 

2024-жылынын 19-июлу  №48

 

“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бардык мекеме-уюмдардын имараттарын камсыздандыруу уюмуна өткөрүү жөнүндө”.

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бардык мекеме-уюмдардын имараттарын камсыздандыруу уюмуна өткөрүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап,  Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бардык мекеме-уюмдардын имараттарын камсыздандыруу уюмуна өткөрүү үчүн 1 320,0 миң (бир миллион үч жүз жыйырма миң) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.