Редакцияот 14.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 14-октябры № 01-5/22

 

Военно-Антоновка айыл өкмөтү 26.01.2006-жылдагы №15 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө

 

Военно-Антоновка айыл аймагындагы Совхоз-Фрунзе унаа жолунун күн батыш тарабында жайгашкан аянты 7 га болгон жер тилкеси 26.01.2006-жылдагы жазылган №15 чечимин жокко чыгаруу жана өз багытына келтирүү максатында

Военно-Антоновка айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Военно-Антоновка айыл өкмөтү 26.01.2006-жылы берилген №15 чечимин жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 46-беренесине ылайык жокко чыгаруу боюнча иш алып барсын.

2. Жайыт комитети бул фактылар боюнча укук коргоо органдарына текшерип берүү арызы менен кайрылсын.

3. Жайыт комитети бул жер боюнча сот иштерин тынымсыз алып барсын.

4. Токтомду көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысы Р.Т.Садыковго жана Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Дубанаевке жүктөлсүн.

 

 

  Төрага

 

У.М. Мураталиев