Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 5 сессиясынын

 

2024-жылдын 31-майындагы № 5/26

 

«Көчөнүн аталышы жөнүндө”

Күнтуу айыл аймагынын Исмаил айылындагы Проектируемая атындагы көчөгө “Султаналы - ата” ысымын ыйгарыруу жөнүндө Ж. Султаналиевтин арызын карап, Исмаил айылынын Проектируемая көчөсүнүн тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, «Географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Күнтуу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагынын Исмаил айылындагы Проектируемая көчөсүнө “Султаналы - ата” ысымын коюп берүүгө макулдук берилсин;

2. Ушул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевке жүктөлсүн;

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык кенешинин төрагасы

 

М.А. Тобоев