Редакцияот 21.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

 

 

2022-жылдын 21-сентябры № 1

 

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жер аянттарын тактоо жөнүндө

 

Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Азимовтун билдирүүсүнүн негизинде,агрардык саясат,өзгөчө кырдаал,экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап,Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жер аянттары инвентаризация кылынсын;

2. Жер аянттарын нвентаризация жумуштарынын аткарылышы айыл өкмөт башчысы А.У.Азимовго милдеттендирилсин;

3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын;

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Агрардык саясат,өзгөчө кырдаал,экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Байнаевтин жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Б.М.Нышанов