Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)

 

2023–жылдын 5-октябры № 19/11

Катта-Талдык  айыл аймагындагы  социалдык обьектилерге акча  каражатын  бөлүү жөнүндө

 

         Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылындагы Жаңы-Турмуш атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоорун карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылындагы Жаңы-Турмуш атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоору жактырылсын.

2. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылындагы Жаңы-Турмуш атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна айылдык аймактын 2023-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 1403125 (бир миллион төрт жүз үч миң бир жүз жыйырма беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

           3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына   тапшырылсын.

Төрага :                                                                                  К. Абдраев