Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)

 

2023–жылдын 5-октябры № 19/12

Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2001-жылдын 7-декабрындагы      №104 “Айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланбагандыгы үчүн жер салыгын базалык ставкалары” жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мамлекеттик салык кызматын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын берген маалыматтарын эске алып, Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап, өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизген сунуштарын  талкуулап, Катта-Талдык айылдык кенеши

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Катта –Талдык айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффицентинин диференцияланган базалык ставкалары 2023-жылга  айыл өкмөттөгү бардык айылдарда   1,0 өлчөмүндө бекитилсин.    

 

2. Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 50-главасынын  388-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык зоналык коэффицентти К3 базалык ставкасы  1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

 

3.Бул токтомду аткаруу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

          

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага :                                                                                  К. Абдраев